Касымалиева: депутаттардын кармалышы мыйзамсыз, алар үй камагына чыгыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Аида Касымалиева. Архив
Вице-спикер Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Вице-спикер жаңы Конституциянын 78-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги күчөтүлгөнүн эске салды.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги болгондуктан аларды тергөө абагында кармабай, үй камагына чыгарыш керек. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында билдирди.
Ал жаңы Конституциянын 78-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестиги күчөтүлгөнүн белгилеп, өткөн жумада эл өкүлдөрүн кармоо менен Баш мыйзам бузулганын айтты.
"Депутат кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, көпчүлүк парламентарийлердин макулдугу менен гана кармоого уруксат берилет. 5-майда жаңы Конституция кабыл алынды, 1-июнда кармоолор болуп жатат. Бул Баш мыйзамга каршы келет. Ошондуктан кармоо же тергөө абагына камоо мыйзамсыз. Эгер тергөө жүрүп жатса, үй камагы же башка жагдайда болуш керек", — деди Касымалиева.
Ошондой эле вице-спикер ушул норма боюнча Жогорку Кеңеш да, төрага да так жооп беришин талап кылды.
Белгилей кетсек, 31-майда Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камакка алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0