Жапаров менен Эрдоган кол койгон документтердин тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен бир катар эки тараптуу документтерге кол койгон
Президент Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен бир катар эки тараптуу документтерге кол койгон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Мамлекет башчылар ар кыл тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган документтерди кабыл алышкан.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров менен Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен билдирүү жасап, төмөнкү документтерге кол коюшту:
  • министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу;
  • эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • эки мамлекеттин өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;
  • эки өлкөнүн Маданият министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • 2018-жылдын 9-апрелиндеги эки мамлекеттин дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;
  • Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында кабыл алынган келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашкан
Официальный визит Садыра Жапарова в Турцию - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында кабыл алынган келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашкан
Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында кабыл алынган келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0