Жапаров менен Эрдоган көзмө-көз жолукту. Козголгон маселелер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнкарада Президент Садыр Жапаров менен Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу
Анкарада Президент Садыр Жапаров менен Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Бул жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышат.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Анкара шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен көзмө-көз жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тараптар кыргыз-түрк кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү маселелерди талкуулашкан.
"Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты", — деп айтылат маалыматта.
Көзмө-көз жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0