Марат Казакпаев ага абакта психологиялык басым жасалып жатканын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Марат Казакпаев. Архив
Саясат таануучу Марат Казакпаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган саясат таануучу Акыйкатчынын аппаратына жардам сурап кайрылган. Анын дооматтарына УКМК жооп берди.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында жаткан саясат таануучу Марат Казакпаев психологиялык жактан басым болуп жатканын айтып арызданды. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Аталган институттун аппаратынын кызматкерлери 31-май күнү мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан саясат таануучуга барып келишкен. Шектүү кан басымы көтөрүлүп, бөйрөк кемтиги менен жабыркап жатканын айткан.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Казакпаев ушул күнгө чейин анын ишин карап жаткан тергөөчүнүн аты-жөнүн билбейт.
"Казакпаев ошол эле учурда ага УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык басым жасалып, адвокат Икрамидин Айткуловдун кызматын колдонуудан баш тартуу менен тергөөчү сунуштаган юрист менен иштешүү таңууланып жатканын айтты. Эгер буга макул болбой турган болсо №1 тергөө абагына которуп, ага кордук көрсөтө турган кылмышкерлер менен бир камерага отургузуп коюшарын айтышканын билдирди", — дешти Акыйкатчы институтунан.
Казакпаев мамлекеттик кызматкер болбогондуктан сырдуу документтерге ээ боло албай турганын белгилеген. Бирок буга карабастан УКМКнын кызматкерлери башка мамлекеттик кызматкерге карата көрсөтмө берүүнү талап кылып жатканын айткан.
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады
Саясат таануучу өзүнүн камалышын буга чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы маселе боюнча айткан пикири менен байланыштырып жатат. Ал Акыйкатчынын өкүлдөрүнө кайрылып, коомчулукка бул маалыматты жеткирип жана анын укугун коргоп берүүнү суранган.
УКМКнын маалымат кызматы шектүүгө карата психологиялык басым жасалып жатканы жана анын №1 тергөө абагына которулары боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, улуттук коопсуздук боюнча органдар камактагы адамдарды башка жакка которуу боюнча чечимди өз алдынча кабыл ала албайт. Ошондой эле камактагылар күнү-түнү медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени айтылды.
"Адвокаттан баш тартуу жактоочунун өзүнүн катышуусунда жана шектүүнүн жазган арызынын негизинде гана ишке ашат", — дешти УКМКдан.
Атайын кызматтан белгилешкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси мамлекеттик же аскердик сырды ачкандарга карата гана эмес, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратуу менен чет өлкөгө жардам бергендерге дагы колдонулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0