Бутуна тура албайт! Жапаров облустук сот мас болуп келген видеону көрсөттү

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага мас судьяга чара колдонуу тапшырмасын берди.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынын жыйынтыктап жатып Чүй облустук сотунун төрагасы жумушуна мас болуп келген видеону көрсөттү.
Кадрдан судья бутуна тура албай мас болуп кабинетине келгенин көрүүгө болот.
Кыргызстандын президенти сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме
Видеону көрүп бүткөндөн кийин мамлекет башчы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып "муну тааныйсызбы?" деп сурады. Ал Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турганын айтты.
Андан соң Жапаров чынында эле ал облустук соттун башчысы экенин айтып, тез арада ага чара колдонуу тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, Жогорку соттун расмий сайтында Чүй облустук сотунун төрагасы катары Дамирбек Оңолбеков көрсөтүлгөн. 
Бүгүн президент башында турган жыйында сот жана укук коргоо тармагын өркүндөтүү маселеси каралды.
Жаңылыктар түрмөгү
0