02:08 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
140 0 0

Иш-чарага президенттин администрация өкүлдөрү, сот, судья, башкы прокурор, министрлер жана эл өкүлдөрү катышууда.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жыйын саат 10.00дө башталып, аны КТРК, "Ала-Тоо 24", "ЭлТР" жана башка телеканалдар түз алып көрсөтүүдө.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, анда Кеңештин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланууда.

Белгилей кетсек, Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеши өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

"Кеңеш сот жана укук коргоо ишине, анын ичинде аткаруу өндүрүшүнө жана жазык-аткаруу системасына тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун даярдайт. Бул кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болот", — деп айтылат маалыматта.

Кеңешти мамлекет башчы жетектейт. Мүчөлөрү:

  • Улукбек Кармышаков — президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • Курманкул Зулушев — башкы прокурор;
  • Нургүл Бакирова — Жогорку соттун төрайымы;
  • Замирбек Базарбеков — Жогорку соттун судьясы;
  • Чынара Садырова — Судьялар кеңешинин төрайымы;
  • Акылбек Жапаров — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри;
  • Канат Керезбеков — Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрагасы;
  • Наталья Никитенко — Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы;
  • Эмил Токтошев — Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы;
  • Улан Ниязбеков — ички иштер министри;
  • Асел Чыныбаева — юстиция министри;
  • Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  • Билим Райымкулов — Адвокаттар кеңешинин төрагасы;
  • Автандил Арабаев — Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору;
  • Медербек Сатыев — президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Чолпон Жакупова — "Адилет" укуктук клиникасынын директору.

Тема боюнча

Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек
Садыр Жапаровдун администрациясынын түзүмү. Бөлүмдөрдүн тизмеси
Садыр Жапаровду актаган экс-судья жаңы кызматка дайындалды
Белгилер:
Садыр Жапаров, сот, милиция, реформа, жыйын, кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ