Орхан Инандынын жубайы: мага жеткен маалымат боюнча жолдошум элчиликте

© Sputnik / Бакыт ТолкановОрхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды
Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Жазылуу
Түркия элчилиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Буга чейин Инандынын тарапташтары дипломатиялык өкүлчүлүктүн, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшкөн.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу жасап, дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деген оюн айтты.
"Мага жеткен маалыматтар боюнча, жолдошум Түркия элчилигинин имаратында кармалып турат. Аны кыйнап, кыргыз жарандыгынан чыгам деген арыз жаздырып, Кыргызстандан бүгүн-эртең алып чыгып кетишет экен. Ушак дейин десем, дал ушундай жол менен "Себат" системасында иштеген мугалимдерди дүйнөнүн ар кайсы жагынан террорист деген жалган жалаа менен Түркияга алып кетип жатышат. Бул тууралуу интернеттен көрсөңөр болот. Урматтуу кыргыз элим, Орхан Инанды кыргыз жараны, жүрөгү кыргыз деп согот. Аны Түркияга бербөөңүздөрдү суранам. Урматтуу президент, "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер, аны сактап калууга жардам бергиле", — деди Инандынын жубайы.
Түркия элчилиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Буга чейин Инандынын тарапташтары дипломатиялык өкүлчүлүктүн, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшкөн.
Поиски пропавшего Орхан Инанды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
Болгон жерди тинтип, сурак да жүргүзүп жатабыз. ИИМ Инандыны издөө тууралуу
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган.
Инандынын автоунаасы Октябрь районунун Малдыбаев көчөсүндөгү "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0