Кыргызстан Тажикстандын "Унжу-Булак" боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Маалыматта Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда аталган участоктун такталышы тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлбаганы белгиленди.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлчүлүгү тажик тараптын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Унжу-Булак" участогуна байланыштуу маалыматы боюнча билдирүү таратты.
"2002-жылдан тарта Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө, учурда ал иш процесси жыйынтыктала элек. Буга байланыштуу "Унжу-Булак" участогу такталып бүткөн деген маалымат чындыкка дал келбейт", — дешти өкмөттөн.
Маалыматта Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда аталган участоктун такталышы тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлбаганы белгиленди.
"Мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет, натыйжада, аталган участокту Тажикстан тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге дал келбейт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн", — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Ташиев: тажик тарап такталбаган жерге ээ болууга аракет кылып жатат
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0