Ташиев жакын арада Тажикстандын УКМК төрагасы Ятимов менен жолугарын билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен телефон аркылуу байланышкандыгын билдирди.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы билдирди.
Ташиев эл менен сүйлөшүп, ошол жердеги тургундарга кыргыз-тажик чек арасындагы маселе тынчтык жолу менен чечилерин айткан.
Ал Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов менен байланышкандыгын, анын келери күтүлүп жаткандыгын кошумчалаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Тажикстан Чоң-Алайдагы кырдаал боюнча өз версиясын билдирди
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган. УКМКнын Чек ара кызматы абал чыңалып турганын айтууда. 4-июнда эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алай районуна учуп кеткен.
Өкмөт бүгүнкү тараткан билдирүүсүндө кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин макулдашылып, бекип калган келишими бузулганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0