Акылбек Жапаровдун ордуна жаңы депутат келди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Жапаров 1-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутатынын бошогон мандаты Арысланбек Акбаровго берилгенин БШК маалымдады.
Эскерте кетсек, "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров 1-июнь күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри болуп дайындалган. Мындан улам анын парламенттеги орду бош калган болчу.
"БШКнын токтому менен Акбаров депутат болуп катталды, күбөлүк жана төш белги тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Акбаров 53 жашта экени белгилүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0