Колуна кишен салынып... Камалган Бабановду соттон алып чыккан видео

© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулуБиринчи май райондук сотун алдындагы митинг
Биринчи май райондук сотун алдындагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Саясатчы мындан эки күн мурун УКМК тарабынан кармалган. Бүгүн эртең менен саат 9:00дө сот залына алып келинген.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилди.
Ал бүгүн эртең менен саат 9:00дө сот залына алып келинген. Адвокаттары саясатчынын кармалышы боюнча мыйзам бузуу болгонуна даттанышкан. Бирок сот алардын өтүнүчүн четке каккан.
Бабанов УКМК тарабынан 31-май күнү "Кумтөр" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган. Мындан сырткары, экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов дагы эки айга тергөө абагына киргизилди.
Бардыгы тең "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шектелүүдө. 
Жаңылыктар түрмөгү
0