Бишкекте Орхан Инандынын табылышын талап кылгандар митингге чыкты. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковМитинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды
Митинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Митингчилер колдоруна "Билим берүүдөн колуңарды тарткыла", "Билим бергендерге тийбегиле" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкекте "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тезирээк табылышын талап кылгандардын митинги өтүп жатат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын айтымында, нааразычылык акциясына болжол менен 150дөн ашык адам катышууда. Алар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына чогулуп, Инандыны тезирээк табууну талап кылып жатышат.
© Sputnik / Эркин СадыковСторонники Орхана Инанды на митинге у посольства Турции в Бишкеке
Митинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды - Sputnik Кыргызстан
1/5
© Sputnik / Эркин СадыковСторонники Орхана Инанды на митинге у посольства Турции в Бишкеке
Митинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды - Sputnik Кыргызстан
2/5
© Sputnik / Эркин СадыковСторонники Орхана Инанды на митинге у посольства Турции в Бишкеке
Митинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды - Sputnik Кыргызстан
3/5
© Sputnik / Эркин СадыковСторонники Орхана Инанды на митинге у посольства Турции в Бишкеке
Митинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды - Sputnik Кыргызстан
4/5
© Sputnik / Эркин СадыковСторонники Орхана Инанды на митинге у посольства Турции в Бишкеке
Митинг у посольства Турции сторонников Орхана Инанды - Sputnik Кыргызстан
5/5
1/5
2/5
3/5
4/5
5/5
Митингчилер колдоруна "Билим берүүдөн колуңарды тарткыла", "Билим бергендерге тийбегиле" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан. Митингчилер ушул эле талап менен кечээ да чогулушкан.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Анын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылган. Атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөнүн маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0