Бардыгы абсурд. Өмүрбек Бабанов сотко алып келинген видео

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-премьер Өмүрбек Бабанов. Архив
Экс-премьер Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жазылуу
Бабанов Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан кармалган. Бүгүн райондук сотто анын бөгөт чарасы каралат.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Экс-премьер Өмүрбек Бабанов Биринчи май райондук сотуна алып келинди.
Бүгүн анын бөгөт чарасы каралат.
"Бул башаламандык, бардыгы абсурд. Мен Кумтөрдөн 16 миңди (гектар) мамлекетке алган жалгыз өкмөт башчымын. Толугу менен абсурд. Түшүнүксүз иш болууда. Кудайым буюрса сотто жакшы чечилет деп ойлойм", — деди Бабанов.
Журналисттердин "муну саясий чечим деп ойлойсузбу?" деген суроосуна саясатчы соттун чечимине баа берилерин белгиледи.
Эскерте кетсек, Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Өмүрбек Бабанов жана экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев 31-майда УКМК тарабынан кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0