Жапаров менен Ташиевди актаган судья жогорку кызматтан бошотулду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезиденттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев. Архив
Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Сатыев президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп, өткөн жылдын октябрь айында дайындалган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, буга Сатыевдин башка ишке которулганы себеп болгону айтылды.
Сатыев президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп, өткөн жылдын октябрь айында дайындалган. Ушул эле кызматты президенттик администрация кайра түзүлгөндөн кийин дагы аркалап келген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалган Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды
Медербек Сатыев 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп иштеген. Ал жана экинчи судья Курманкул Зулушев бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп айыпталган, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган. Кийинчерээк эки судья тең "кылмыш ишин кароодо Кылмыш-процессуалдык кодексин бузган" деп иштен алынган.
Эске салсак, 2012-жылдын 3-октябрында оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын депутаттары "Ала-Тоо" аянтында Кумтөр алтын кени боюнча митинг өткөрүшкөн. Анда Ташиев Ак үйдүн дарбазасынан секирип өтүүгө аракет жасаган. Натыйжада Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров бийликти күч менен басып алууга аракет жасады деп шектелишкен. 2013-жылы райондук сот саясатчыларды айыптуу деп тапса, шаардык сот актаган. Бирок кийин Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Ошол эле учурда соттолуучулар СИЗОдо отурган убакыт эске алынып, жаза аткарылды деп эсептелген.
Жаңылыктар түрмөгү
0