Адашып чакырышты окшойт... Депутат Момбековдун УКМКга келген видеосу

© Sputnik / Сталбек Абдижалил уулуЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Эл өкүлү 2003-2009-жылдары Кумтөр боюнча эки мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгонун айтып, бирок анын чыгарган корутундусуна толук макул болбогонун белгиледи.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы УКМКга сурак бергени келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Эл өкүлү УКМКга чакырылганына таң калып жатканын айтты.
"Мени адашып чакырып алыштыбы деп жатам. Кумтөр боюнча мен бир дагы ишке аралашкан эмесмин. 2003-2009-жылдары аталган кен боюнча эки мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгом. Мүмкүн ошонун негизинде чакырып жатышкандыр. Күбө катары суроолорубуз бар деп айтышкан", — деди Момбеков.
Ал ошондой эле комиссиянын мүчөсү болуп турган кезде анын корутундусуна макул болбостон өзгөчө пикирин жазганын белгиледи.
Буга чейин УКМКга экс-депутат Максат Сабиров дагы Кумтөр маселеси боюнча суракка чакырылганы маалым болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0