"Кумтөр" боюнча экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖыйындагы Жогорку Кеңештин депутаты. Архив
Жыйындагы Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Кумтөр" боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турарын айтты.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талант Узакбаев Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Исхак Пирматов
ЖК депутаты Исхак Пирматов - Sputnik Кыргызстан
1/2
ЖК депутаты Исхак Пирматов
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Талант Узакбаев
ЖК депутаты Талант Узакбаев - Sputnik Кыргызстан
2/2
ЖК депутаты Талант Узакбаев
1/2
ЖК депутаты Исхак Пирматов
2/2
ЖК депутаты Талант Узакбаев
"Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда. 2021-жылы 31-майда бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышка шектелип Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов жана Талант Узакбаев кармалды", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 31-майда, Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупциялык ишке барган деген шек менен Өмүрбек Бабанов кармалган эле.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турарын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0