Жапаров: Кыргызстан менен Россия — түбөлүк союздаш өлкөлөр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандын ажосу "Россия 1" телеканалына маек берип жатып, Россияга барган сапарында Путин менен Кыргызстанды өнүктүрүү тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстан менен Россия — түбөлүк союздаш жана өнөктөш мамлекеттер. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Россия 1" телеканалындагы Павел Зарубиндин "Москва. Кремль. Путин" программасына маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Россия, Владимир Владимирович Путин Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабайт. Биз түбөлүк союздаш жана соода-экономикалык жактан өнөктөш мамлекетпиз. Андыктан биз биринчи кезекте Кыргызстанды мындан ары өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк. Жалпысынан жолугушуунун жыйынтыгына канааттандым", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Россияга 24-майда барып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0