Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоодо добуш берип жаткан кыз. Архив
Шайлоодо добуш берип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандагы үч калаада шаардык кеңештин депутаттарын тандоо жайдын капортосунда өтө турган болду.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо 2021-жылдын 11-июлунда өтмөкчү. Тиелешүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө аталган үч калаада шаардык кеңештин депутаттарын тандоо мурда өткөн шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу дайындалган.
"Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо жекшембиге, 2021-жылдын 11-июлуна, дайындалсын", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Жараксыз болгон жыйынтыктар

11-апрелде Токмок шаарында дагы участкадан сырткаркы үч тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган эле.
Шайлоого келбегендерге чара көрүш керек. Депутаттын өзгөчө демилгеси видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Шайлоого келбегендерге чара көрүш керек. Депутаттын өзгөчө демилгеси видеодо
11-майда Борбордук шайлоо комиссиясы массалык мыйзам бузуулар катталганын жүйө келтирип, Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Майдын башында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (БАШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ага чейин "Эмгек", КЭДП, "Ак-Бата" партиялары шайлоо жарышынан четтетилген. Жыйынтыгында 60 миңдей добуш жокко чыгарылган. Бул жалпы добуштун 45 пайызын түзөт (шайлоого 134 миң шаар тургуну катышкан).
Ал эми 19-майда БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырган.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрель күнү өткөн эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0