Кадр кызматы: аттестациялоодон 10 аким өтпөй калды

© Фото / Pixabay/ advogadoaguilarИш кабинеттеги мамлекеттик кызматкер. Архив
Иш кабинеттеги мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Жазылуу
Кадр кызматынын регионалдык резервине 321 адам алынып, соңку дайындоолорго ошол жактан 18 киши тандалган.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Он аким аттестациядан өтпөй калды, айрымдары компьютердик тестирлөөнү эптей албай коюшту. Бул туурасында Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, профессионалдык принциптер боюнча тандалган адамдар кызматка келиши үчүн бийлик мурдатан эле район башчыларын ротациялоого даярданып келген.
"Акимдер өзү туулган райондон дайындалса, кээде кызыкчылыктар кыгылышы пайда болот. Туугандары, тааныштары келет, таасирдүү адамдар чала берет. Аттестациялоо өтө кыйын болду, 10 аким өтпөй калды, кээ бири компьютердик тестирлөөнү эптей албай коюшту. Кимдир бирөө такыр эле даяр эмес болуп чыкты. Жыйынтыгында биз райондук башкарууга ким татыктуу экенин, кимди ротациялап, кимдин кызматын жогорулатып, регионалдык резервге кимдерди киргизсе болорун көрдүк", — деди Тарбинский.
Ошондой эле ал регионалдык резервге 321 адам алынганын айтып, соңку дайындоолорго ошол жактан 18 киши тандалганын белгиледи.
Мындан сырткары, Тарбинский акимдикке аттестациядан өтпөй калгандар регионалдык резервге тапшырууга аракет кылса болорун айтты. Эгер алар өз билимин өркүндөтүп келгенин далилдесе, талапкерлиги кайра караларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0