Марипов Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, юбилейи менен куттуктады

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу учурунда. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Арипов Өзбекстандын өкмөт башчысы катары 2016-жылдын декабрынан тарта, тагыраагы, беш жылдан бери иштеп келе жатат.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен телефондон сүйлөшүп, анын 60 жылдык юбилейи менен куттуктады.
Өкмөт башчы кесиптешинин Өзбекстандын бакубат гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалаган.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы алар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген маселелери боюнча пикир алышканын кабарлады.
"Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк жана достук маанайдагы коңшулук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө болгон ниетин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.
Арипов Өзбекстандын өкмөт башчысы катары 2016-жылдын декабрынан тарта, тагыраагы, беш жылдан бери иштеп келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0