Кубатбек Кожоналиев "Кумтөр" компаниясында жетекчилик кызматка дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАткаминер портфель менен. Архив
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Кызматка дайындоо боюнча буйрукка узаган жумада "Кумтөр голд компанинин" убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кол койгон.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кубатбек Кожоналиев "Кумтөр Голд" компаниясынын корпоративдик башкаруу жана укуктук маселелер боюнча директору болуп дайындалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга ал өзү тастыктады.
Аны кызматка дайындоо боюнча буйрукка узаган жумада "Кумтөр голд компанинин" убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кол койгон.
Кожоналиев ишкананын коопсуздук кызматын, өкмөт жана региондор менен иштөө боюнча башкармалыкты, ошондой эле ЖМКлар менен иш алып баруу бөлүмүн тескейт.
Ал "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын ишине да кол кабыш кылганын кошумчалады.
Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Centerra президенти Перри: кыргыз өкмөтү менен диалогго барууга даярбыз
Кубатбек Кожоналиевдин кесиби юрист. Эгемендикти алган жылдары Кыргызстандын аскер прокурору, улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.
2012-жылы 5-октябрда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов менен кошо бийликти күч менен басып алууга айыпталып кармалган. Көп өтпөй үй камагына чыгарылып, 2013-жылдын 29-мартында Биринчи май райондук соту толугу менен актаган.
2015-жылдан бери Согуштун ардагерлери, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана эмгектин каармандарынын республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0