Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков ЕЭКке министр болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Мамытканов менен Асанбеков 2020-жылдагы октябрь окуяларынын катышуучулары. Мамытканов бир нече ай вице-премьер болуп иштесе, Темирбек Асанбеков октябрдагы парламенттик шайлоодо ат салышкан.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жогорку евразиялык экономикалык кеңеши (ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери) Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясына Кыргызстандан эки жаңы мүчө дайындады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ЕЭК менен бажы тармагы боюнча кызматташуу министри болуп Олег Панкратовдун ордуна Максат Мамытканов дайындалды. Ал эми ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болуп Эмил Кайкиевдин ордуна Темирбек Асанбеков барды.
Эске салсак, Мамытканов менен Асанбеков 2020-жылдагы октябрь окуяларынын катышуучулары. Мамытканов бир нече ай вице-премьер болуп иштесе, Т. Асанбеков октябрдагы парламенттик шайлоодо ат салышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0