КР элчиси Росавиациянын башчысы менен каттамдарды көбөйтүү тууралуу сүйлөштү

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушту
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Тараптар коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн Кыргызстанда ПЧР-тесттердин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешкен.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын Транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушту
Встреча посла КР в РФ с Руководителем Федерального агентства воздушного транспорта Министерства транспорта РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Россиянын транспорт министрлигинин (Росавиация) Федералдык аба транспорту агенттигинин жетекчиси Александр Нерадько менен жолугушту
Билдирмеге ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу каттамдарды көбөйтүү жана Кыргызстандагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу тууралуу сүйлөшкөн.
"Мындан тышкары, мамлекеттердин ортосундагы чартердик каттамдардын жүгүртмөсү, Кыргызстандын "COVID-19суз саякаттоо" мобилдик тиркемеси, маалымат алмашуу жана Кыргызстандан Россиянын шаарларына учуу географиясын кеңейтүү маселелери талкууланды", — деп жазылат маалыматта.
Тараптар коронавирус инфекциясын аныктоо үчүн Кыргызстанда ПЧР-тесттердин санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматы менен "Роспотребнадзордун" активдүү иштешүүсү тууралуу да кеп кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0