Centerra президенти Перри: кыргыз өкмөтү менен диалогго барууга даярбыз

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевCenterra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри. Архив
Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Перри өкмөттүн душмандашкан кадамы Centerra ишканасынын кызыкчылыгын коргоодон башка айла калтырбаганын айткан.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирди. Анын пикири компаниянын расмий сайтына жарыяланды.
Перри Кыргызстандын бийлиги келишимдерди бузуу менен "Кумтөрдү" басып алды деген позицияны карманууда.
"Биз мурдагыдай эле Кыргызстандын өкмөтү менен талаш жараткан маселе боюнча конструктивдүү диалогго барууга макулбуз жана даярбыз. Ошол эле учурда өкмөттүн душмандашкан кадамдары Centerra ишканасынын кызыкчылыгын жана акционерлердин мыйзамдуу каражатын коргоону улантуудан башка тандоону бербей жатат", — деп айткан Перри.
Мындан сырткары, президент кыргыз өкмөтү өзүнө алганга чейин коопсуздук, мониторинг жана эксплуатация боюнча бардык системалар өз нугунда иштеп жатканын айткан.
Бишкекетеги Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Сунушту карап жатабыз. Улуттук банк Кумтөрдөн алтын сатып ала электигин билдирди
"Centerra бир дагы системаны өчүргөн эмес, алтын кени үзгүлтүксүз иштеп жаткан", — деди Перри.
Белгилей кетсек, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде мөңгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турганына көз салган система 15-майда өчүрүлүп калганын айткан. Ошондой эле ишкананын операциялык системалары иштен чыгып, калыбына келтирүү үчүн IT-компаниялар тартылганы маалымдалган.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Киши Дело № папкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Centerra Теңиз Бөлтүрүккө Канадада кылмыш иши козголгонун маалымдады
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.
17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр Голд Компани" анын туундуу ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызын Кыргызстан ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0