Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн жыйынына катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Жыйын Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамаларды угушат.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары эмнелерди талкуулашты?
Мындан сырткары, мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармек жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө. 
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0