Артём Новиковдун ордуна өкмөткө Айбек Жунушалиев келди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев
Жаңы дайындалган министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Жунушалиев министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Айбек Жунушалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.
Эске сала кетсек, Артём Новиков бүгүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0