Путин: Россия менен Кыргызстандын мамилеси бекемделүүдө

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Россиянын лидери 24-майда Сочиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугарын айткан.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле бекемделүүдө. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Ал бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамотасын кабыл алып, эки өлкөнүн мамилеси тууралуу кеп салган.
"Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых бириктирип турат, бири-бирибизге өз ара ишеним жана урмат-сыйыбыз бар. Россия жана Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, аскерий-техникалык, маданий, гуманитардык жана башка тармактарда эриш-аркак ийгиликтүү иш алып барып, Евразия интеграциясын өнүктүрүүгө биргеликте салым кошуп келет", — деген Путиндин сөзүн Кремлдин маалымат кызматы таратты.
Россиянын лидери 24-майда Сочиде ушул тема боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болорун кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0