Душанбеде өтө турчу ЖККУ жыйынына ТИМ башчысы Руслан Казакбаев катышат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТИМ башчысы Руслан Казакбаев. Архив
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин талкууламакчы.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Тажикстанда өтө турчу ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйын эртең, 19-майда, Тажикстандын борбор калаасы Душанбе шаарында өтөт.
Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
Иш-чаранын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт.
Ошондой эле ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү маселелери боюнча пикир алышуу, ушул жылдын экинчи жарымында Душанбе шаарында өткөрүүнү пландаштырып жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшүн талкуулоо пландалып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0