Кумтөр боюнча келишимдерге кол койгон аткаминерлердин тизмеси

© Sputnik / Сергей МамонтовАткаминер кол коюп жатат документтерге. Архив
Аткаминер кол коюп жатат документтерге. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
"Кумтөр Голд Компани" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы "Кумтөр" долбоору боюнча түрдүү келишимдерге кол койгон аткаминерлердин тизмесин берди.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн караган мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кайсы аткаминерлер аталган добоор боюнча кол койгонун санап берди.
Тизме:
  • 1992-жыл – премьер-министр Турсунбек Чыңгышев, "Кыргызалтындын" өкүлү Дастан Сарыгулов;
  • 1993-жылы — Чыңгышев (парламент бул концессиялык келишимди жактырган эмес);
  • 1994 — концессиялык келишим. Премьер-министр Апас Жумагулов, "Кыргызалтындын" өкүлү Дастан Сарыгулов, "Голд Компани" ишканасынын директору Давлетов кол койгон;
  • 1995-жыл — устав. Сарыгулов кол койгон;
  • 2003 (31-декабрь) — "Кыргызалтындын" өкүлү Камчыбек Кудайбергенов (реструктуризация жөнүндөгү келишим);
  • 2003 (31-декабрь) — концессиялык келишимди өзгөртүү жана кошумчалоо. Танаев жана Кудайбергенов;
  • 2004 — Кудайбергенов жана министр Курманбек Осмонов;
  • 2007 — Алмазбек Атамбаев;
  • 2009 — президент Курманбек Бакиев жана "Кыргызалтындын" башчысы Алексей Елисеев;
  • 2009 (24-апрель) — Чудинов жана "Кыргызалтындын" өкүлү Алмазбек Жакыпов;
  • 2009 (6-июнь) — Чудинов жана "Кыргызалтындын" өкүлү Жакыпов;
  • 2013 — реструктуризациянын өзгөчө шарттары жөнүндөгү келишим (күчүнө кирген эмес, парламент алып койгон);
  • 2017-жылдын 11-сентябрындагы стратегиялык келишим боюнча Кыргызстан экологиялык талаптардан толугу менен баш тарткан. Сапар Исаков;
  • 2019-жылы келишимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0