Жапаров: мурдагы ажолордун бири катасын моюнга алса Centerra ишканасын утмакпыз

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенинде
Депутат Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Акылбек Жапаров Centerra Gold Inc. компаниясы өйдө жактын уруксаты жок мыйзамды бузмак эместигин айтып, бул ишке мурдагы президенттердин катыштыгы бар экенине токтолгон.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенттеринин бирөө эле коррупция боюнча катасын моюнга алса, Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясын териштирүү иштеринде оңой жеңип кетүүгө жардам бермек. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анда депутат Шайлообек Атазов Жапаровдон Кумтөрдү иштетүүдө мурдагы президент, премьер-министрлер канча каражат алганын жана элдин кызыкчылыгын канчага сатканын айтууну өтүндү.
Жапаров Атазов кеп кылган маселени тактоо керектигин белгилеген. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы мурдагы жетекчилер башка мекендештердей пол жуубай, эч нерседен кем жашабай, миллиондогон объектилерди салып жатканына токтолгон.
"Ушулардын ичинен бирөө эле ката кетирип алганын моюнга алып, ага жок дегенде 100 доллар бергенин айтса, биз Centerra компаниясын оңой эле жеңмекпиз", — деди Жапаров.
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Эл аралык соттордо Centerra Gold Inc. компаниясына кандай доомат коюлууда
Комиссия төрагасы төрт президенттин бирөө сөзгө келиши керектигин же далил табуу зарылдыгын белгилеген. Жапаров компания өйдө жактын уруксаты жок мыйзамды бузмак эместигин айткан.
Буга чейин Акылбек Жапаров 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев кийлигишип койсо Кумтөр маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилип калмактыгын белгилеген. Ал кыргыз бийлиги "Кумтөргө" кандай шарт коюп жатканын да жыйын учурунда түшүндүрүп берген. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынына чакырылган эксперт, "Кыргыз алтын" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк эгер Centerra Gold Inc. компаниясы Канадада Кыргызстандагыдай иштесе, аны эчак жаап коймоктугун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0