Жапаров: Бакиев Кумтөр маселесин чечип коймок, бирок уулу бийликти тартып алды

© AFP / ALEXANDER NEMENOV Мурдагы президент Курманбек Бакиев. Архив
Мурдагы президент Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Депутат азыркы мамлекеттик комиссия маселени парламентке чейин жеткирип, биргеликте иш алып барганы менен айырмаланарын кошумчалады.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев кийлигишип койсо Кумтөр маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилип калмак. Бул тууралуу "Кумтор Голд компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ушу тапта Жогорку Кеңеш Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын корутундусун угуп жатат.
"2009-жылы эгер Бакиев өзү дагы катышканда иштин аягына чыгармакпыз. Бирок, тилекке каршы, уулу бийликти тартып алып акырында бири-бири менен тил табыша албай калышты. 2003-жылы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алдык, 2007-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде маселени Жогорку Кеңешке чейин жеткирип, бирок парламент тарап кетти. 2012-жылы депутат Садыр Жапаров депутаттык комиссия түзгөн. Бирок ага ишеним көрсөтүлбөй мамлекеттик комиссия уюштурулган. Ал дагы жыйынтык берген жок", — деди Жапаров.
Депутат азыркы мамлекеттик комиссия маселени парламентке чейин жеткирип, биргеликте иш алып барганы менен айырмаланарын кошумчалады.
Буга чейин Жапаров "Кумтор Голд компани" канча алтын казганын, кирешеси кандай болгонун, чет элдик компанияга эмне доомат коюлуп жатканын айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0