Башкы эколог Кумтөр тууралуу: бардык соттук процессте жеңерибизге ишенем

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандын башкы экологунун айтымында, Centerra Gold Inc. бардык нормаларды сактап жатабыз деп коомчулукту, анын ичинде дүйнөлүк коомчулукту адаштырып жатат.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясына каршы бардык соттук процесстерди, анын ичинде эл аралык арбитраждык сотто дагы жеңет. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди.
Эске салсак, буга чейин Centerra Gold Inc. Кыргызстандын өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берерин жар салган.
Учурда Жогорку Кеңеш Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун угуп жатат.
Адистин айтымында, 2012-жылы ошол кездеги Кумтөр боюнча комиссиянын курамына кирген. Андан бери экологиялык коркунуч курчуду.
"Анткени компания биздин улуттук мыйзамдарды тоотпой жатат жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар дагы компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл кош карашууда. Кумтөр боюнча келишимдердин бардыгында тең канадалык компания Кыргызстандын жаратылышка байланышкан мыйзамдарын сактоого милдеттенме алган. Бирок канадалык тарап милдеттерин аткарбастан, жаратылыш коопсуздугу боюнча мыйзамдарды бузду", — деди Кутманова.
Анын айтымында, мөңгүгө калдыктарды үйүп-жыйып салганы эң чоң жана көңүл ооруткан эреже бузууга жатат.
"Бул көрүнүш аларды сотко берүүгө жана келишимди бузууга толук укук берет", — деди ал.
Кутманова белгилегендей, бардык мыйзамдарда мөңгүлөргө калдыктарды жыюуга тыюу салынып, суу стратегиялык объектиге кирери жазылган.
"Centerra жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактап жатканын айтып коомчулукту, анын ичинде дүйнөлүк коомчулукту адаштырып жатат. 2017-жылы өзгөртүүлөр киргизилген Суу кодексинин 62-беренесинде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн аймагында иш алып барууга уруксат берилген. Компания учурда ушул нормага таянып, эреже бузган жокпуз деп жатат. Белгилей кетким келет, сөз ар башка нормалар боюнча болууда. Centerra маселени башка нукка буруп, парламент ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат бергенин айтып жатат. Ооба, уруксат берилген, бирок мөңгүлөргө калдыктарды топтоого эч ким макул болгон эмес", — деди ал.
Комиссиянын катышчуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жапаров Кумтөр кенин текшерген комиссиянын ишин күзгө чейин узартууну суранды
Анын айтымында, Centerra Gold Inc. мөңгүлөргө калдык топтогон фактыны жокко чыгарган жок. Кутманова компаниянын 2011-жылкы отчетунда "Давыдов мөңгүсүнүн карьерине ири көлөмдөгү калдык ташталды" деп жазылганын айтты.
"Эмнеге мен бул маселеге кеңири токтолуп жатам? Бүгүн биздин абдан күчтүү позициябыз бар. Бир нече мыйзам менен абдан көп нормалар бузулган. Ошондуктан толук кандуу негиз жана аргументтер жетиштүү. Биз бардык соттук процессти жана арбитраждык процессти дагы жеңебиз деп ишенем. Мөңгүгө калдык топтогон практика дүйнөдө жок", — деди Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Ташиев: Кумтөр боюнча 4 иш козголду, бир нече премьер, депутаттар жоопко тартылат
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0