Жапаров Кумтөр кенин текшерген комиссиянын ишин күзгө чейин узартууну суранды

© Sputnik / Табылды КадырбековКомиссиянын катышчуусу. Архив
Комиссиянын катышчуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2021
Жазылуу
Жапаров комиссиянын жумушу эми гана башталып жатканын айтып, каржы санкцияларын төлөтүп алуу үчүн өкмөткө жардам берүү керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 17 май — Sputnik. Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештен комиссиянын жумушун 2021-жылдын күз мезгилине чейин узартууну өтүндү.
"Көп ишти биз эми гана баштадык. Ошондуктан төрага, депутаттардан комиссиянын жумушун 2021-жылдын күз мезгилине, жаңы парламент келгенге чейин узартууну суранабыз. Себеби өкмөткө бардык каржы санкцияларын, салык боюнча бузууларды төлөтүп алууга жардам беришибиз керек. Мындан сырткары, арбитраждык процесстер башталып жатат. Бардык кагаздарды даярдап койдук. Биздин юристтер арбитраждык териштирүү иштерине элдин өкүлү катары парламенттин катышуусун сунуштап жатат", — деди Жапаров.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.
Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.
Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Ink менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.
Ал эми Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0