Өкмөт эгемендүүлүк майрамында кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Жазылуу
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Министрлер кабинети эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата
кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов аталган күндү майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрүп жатканда сөз болду.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республиканын түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чара киргизилген.
“Кеңешменин жүрүшүндө өлкө президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды. Министрлер кабинетинин башчысы 30 жылдыкты майрамдоо боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ысык-Көлдө Мен көчмөнмүн эл аралык туристтик жарманке башталды. Иш-чаранын ачылышына президенти Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын маалмат кызматынан билдиришти. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Ысык-Көлдө "Мен көчмөнмүн" эл аралык туристтик жарманке башталды. Сүрөттөр
Маалыматка караганда, юбилейлик датага карата театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, бир катар ири көргөзмөлөр жана ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда.
Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Анткени жаңы Конституцияга Курултай институту тууралуу киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0