Жапаров миссиясы аяктаган АКШ элчиси Луну кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональда Лу
Президент Садыр Жапаров жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональда Лу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Дональд Лу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы болуп дайындалды.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тараптар кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашкан.
"Дональд Лу АКШ Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт
Мындан сырткары, элчи калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү жаатында кызматташууну арттырууга салым кошорун кошумчалаган.
Ал эми Жапаров пандемияга каршы күрөштө берген жардамы үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле Дональд Луну АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы болуп дайындалышы менен куттуктаганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0