Рахмон куттуктоосунда Жапаровго ден соолук, кыргыз элине тынчтык тиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Коңшу мамлекеттин башчысы эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерден улам өнүгөт деген пикирин айткан.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Жапаровго чың ден соолук жана албан ийгиликтерди каалаган.
"Планетабыздагы бардык мусулмандар үчүн берекелүү болгон ушул күндөрдө сизге жараткандан чың ден соолук, бакыт-таалай жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тилейм", — деп жазган куттуктоо катында.
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Ыраазылык жана кызматташуу. Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерден улам өнүгөт деген пикирин айткан.
"Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер биргелешкен аракеттерибиздин жана акыйкат Ислам дининин жогорку баалуулуктарынын негизинде өнүгө берет. Анын ичинде өз ара түшүнүшүүнүн, тилектештиктин, сабырдуулуктун, ынак коңшулуктун, ошондой эле бири-бирин колдоонун алкагында эки элдин жыргалчылыгы арта берет", — деген куттуктоосунда Рахмон.
Бүгүн мусулман эл Орозо айтты майрамдап жатат. Президенттин маалымат кызматы Жапаровдун кимдерге куттуктоо жөнөткөнү туурасында кабар бере элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0