Ыраазылык жана кызматташуу. Жапаров Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев. Архив
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Эки президент бири-бирин Орозо айт менен куттуктап, кыргыз-казак элине тынчтык, бакубатчылык каалаган.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев телефондон бир нече маселени, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуяларды талкуулашты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта эки президент бири-бирин Орозо айт менен куттуктап, эки өлкөнүн элине тынчтык, өсүп-өнүгүү жана бакубатчылык каалаганы айтылды.
"Ошону менен бирге кыргыз-казак эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын актуалдуу багыттары, анын ичинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон акыркы окуялар талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Казакстан менен Кыргызстандын товар айлантуусу эки айда 109 млн. долларга жетти
Жапаров Казакстан жетекчисине ыраазылыгын да билдирген.
"Жапаров Токаевге кырдаалга көңүл бургандыгы (Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийинки кырдаал — ред.), кайрат айтып колдоо көрсөткөндүгү, ошондой эле Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын тургундарына жиберген гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Буга чейин Токаев кесиптеши Жапаровду жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен куттуктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0