Мамкомиссия Кумтөр боюнча бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштоодо

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Мамлекеттик комиссия өкмөткө "Кумтөр Голд компани" менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарып, убактылуу сырттан башкаруу маселесин карап чыгуусу керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Мисалы, өкмөткө "Кумтөр Голд компани" ишканасын убактылуу сырттан башкаруу маселесин карап чыгуу сунушу берилди.
"10-июнга чейин кыргыз өкмөтү менен ишкананын ортосундагы жаңы келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзамдын күчүн жоготкондугу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелөө сунушталууда. Биз аны күчүн жоготту деп таанууну сунуштап жатканыбыздын себеби бул эл аралык келишим эмес. Centerra Gold Inc. компаниясынын эл аралык келишимге тиешеси жок. Бул тууралуу ТИМ менен Юстиция министрлигинин бүтүмү бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Жапаров Centerra Gold Inc. компаниясы учурдагы Салык кодексинин негизинде салык төлөшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы келишим ратификацияланып жатканда компанияга өзгөчө режим берилген.
"Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы жаңы шарттар тууралуу, кайра каралып чыккан инвестициялык келишимди, кайра каралып чыккан концессиялык келишимди жана башка макулдашууларды жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүүнү сунуштайбыз", — деди ал.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыгышкан.
Президентик шайлоо учурундагы урна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жапаров: Centerra Кыргызстандын саясатына кийлигишип, шайлоого таасир эткен
11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон.
Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен. Бүгүн мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0