Жапаров: Centerra Gold Inc. арбитраждык сотко качан кайрыларын айтты

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Учурда "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала корутундусун жарыялап жатат.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы июнь айынын ортосунда арбитраждык сотко кайрыларын айтты. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйын учурунда билдирди.
"Кумтөр Голд Компани" өздөрүнүн юридикалык компаниясы аркылуу өкмөткө кат жолдоду. Анда 45 күндүн ичинде сүйлөшүүлөргө барбасаңар арбитраждык сотко кайрылабыз деп жазылган. Алар 2009, 2017, 2019-жылдардагы кыргыз өкмөтү бизди коргойбуз деп ант берген, эми ал келишимди бузуп жатасыңар деп жазышкан", — деди Жапаров.
Ошондой эле Жапаров учурда мамлекеттик комиссия юристтер менен биргеликте фактыларды топтоп, эл аралык сотко даярданып жатканын белгиледи.
"Балким биз алардан биринчи эл аралык сотко кайрыларбыз. Эмнеси болсо дагы андан ары соттошобуз. Ошол себептен эл аралык юристтер мамлекеттик комиссия ишин токтотпой, соттор бүткүчө күчүндө болуп турсун деп жатышат", — деди төрага.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.
Депутат Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты
Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыгышкан.
11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон.
Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен. Бүгүн мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.
Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0