Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Акылбек Жапаров. Архив
Депутат Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Centerra коомдук фонддорго берген, демөөрчүлүк кылган каражаттарды салыктын же экологияга келтирген зыяны үчүн салынган айыптын эсебинен бөлгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча которуп, маалыматтарды манипуляциялаган. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.
Учурда мамлекеттик комиссия текшерүүнүн корутундусун жарыялап жатат.
"Биз Centerra Gold Inc компаниясынын сайтын карап, алар маалыматты манипуляциялаган деген бүтүмгө келдик. Анда Кыргызстанга 4 миллиард 485 миллион 952 миң доллар которулганы жазылган. Чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн Кыргызстанга жумшаганын көрсөткөн. Бирок алар чынында бизнес чыгымдарына колдонгон. Иш жүзүндө "Кумтөр" ачылгандан бери, тагыраагы, 26 жылда Кыргызстанга 1 миллиард 750 миң 818 миң доллар которгон. Анын дагы 90 пайызын салык катары төлөгөн. Калган цифралар манипуляцияланып, компаниянын Кыргызстанга бөлгөн каражаты катары көрсөткөн. Чынында 2,5 эсе аз которгон", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, ал Centerra коомдук фонддорго берген, демөөрчүлүк кылган каражаттарды операциялык чыгымдары же салыктын, экологияга келтирген зыяны үчүн салынган айыптын эсебинен бөлгөнүн белгиледи. Мындан улам аны демөөрчүлүк жардам деп атоо туура эмес экенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0