Ысык-Көлдүн иштен жаңы бошотулган жетекчисине жаңы кызмат табылды

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской областиАйыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган Элчибек Жантаев. Архив
Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган Элчибек Жантаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Жазылуу
Ал 2020-жылдын ноябрь айынан бери өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон. Бүгүн анын ордуна Мирбек Кожоев облус жетекчиси болуп дайындалды.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен жаңы эле бошотулган Элчибек Жантаев Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
2020-жылдын ноябрь айынан бери ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон. Бүгүн анын ордуна Мирбек Кожоев облус жетекчиси болуп дайындалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0