Баары жакшы болот! Иштен кеткен экс-министр Алмазбек Бейшеналиев үн катты

© Sputnik / Асель СыдыковаКызматтан кеткен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив
Кызматтан кеткен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Кечээ президент министрлер кабинетинин түзүмүн бекитти. Анда Бейшеналиевдин ордуна Болотбек Купешев дайындалган.
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Кызматтан кеткен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Facebook баракчасынан бул тууралуу үн катты.
Ал министр болуп кыйын учурда дайындалып, жарым жылдан ашык иштөөгө жетишкенин белгиледи.
"2020-жылдын 13-октябрь күнү өлкөбүздө саясий абал курч болуп турган кезде эң маанилүү тармак болгон Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп дайындалдым. Ошондой эле пандемияга байланыштуу окуу процесси 100% онлайн жүрүп жаткан, жалпы элибиз үчүн оор болуп турган мезгилде келдим, финансылык тартыштык маселеси турду. Бирок ага карабастан элибиздин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздорубуздун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык", — деди экс-министр.
Бейшеналиев бул мөөнөттө колдоо көрсөткөн өлкөнүн биринчи адамдарына, депутаттарга, кесиптештерине, жалпы журтка жана кызматташкан тараптарына ыраазычылыгын билдирип өттү.
Бишкектеги өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Көбү ордунда калды. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмеси
"Мага кабатыр болуп, пикирин билдирип колдоп жаткан замандаштарыма рахмат. Баары жакшы болот, мындан ары да колумдан келгенин өлкөм үчүн кылганга даярмын. Жумушка байланыштуу кимдир бирөөнүн жүрөгүн ооруткан болсом кечирим сурайм. Өлкөбүз гүлдөп-өссүн, ылайым тынчтык гана өкүм сүрсүн!" — деди Бейшеналиев.
Кечээ президент жаңы Баш мыйзамга кол коюп, министрлер кабинетинин түзүмүн бекиткен. Тизмеде жаңы билим берүү жана илим министри кылып Болотбек Купешевди дайындаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0