07:02 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (190)
110 0 0

Өлкө башчысы Баш мыйзам элдин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенерин билдирди.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин куттуктоосунун толук тексти:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм!

Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда, кабыл алынган. Бул күн ушул чакта дагы өлкөбүздүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.

Эгемендүүлүк жылдарында биздин Баш мыйзамыбызга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жаңы редакциялар кабыл алынган.

Мындай маанилүү күндө — 5-майда референдумдун расмий жыйынтыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлганы турат.

Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган.

Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем.

Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, ийгилик жана өсүп-өнүгүү каалайм!".

Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум (190)

Тема боюнча

Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамга кол койду
Жапаров: 1-июлдан тарта жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз
Белгилер:
куттуктоо, Конституция күнү, Садыр Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ