Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун башчысы болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев. Архив
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Абдикарим Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болчу. Ал Ош облусунун Ноокат районунда туулган.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Баткенди буга чейин башкарган Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткенин кечээ билдирген.
Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0