НДПК мандатсыз калды. Кызыл чеке талашка Жогорку сот чекит койду

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо комиссиянын кызматкери НДПК партиянын табличкасы менен. Архив
Шайлоо комиссиянын кызматкери НДПК партиянын табличкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Алгач Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алганы жана үгүт иштеринин жол-жобосун бузганы аныкталганын айтып жарыштан четтеткен.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жогорку сот Кыргызстан элдик-демократиялык партиянын касациялык арызын карап чыгып, администрациялык соттун аталган саясий биримдикти шайлоодон четтетүү чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Эске салсак, буга чейин Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясы Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетүү боюнча арыз менен кайрылган эле. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы ал талапты орундаткан.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Шаардык кеңешке мандаттар КЭДПсыз кандай бөлүштүрүлүшү мүмкүн
Белгилей кетсек, 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алганы жана үгүт иштеринин жол-жобосун бузганы аныкталганын айтып жарыштан чыгарган. КЭДП бул чечимге макул болбой, Боршайкомго арыз жазган. Алардын даттануусун БШКнын жумушчу тобу карап чыгып Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жактырууну, ал эми КЭДПтин берген арызын четке кагууну сунуштады. Натыйжада сунушту БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, экөө каршы добушун берген.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде өткөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, "Эмгек" партиясы (10 мандат) менен "Ак-Бата" партиясы (9 мандат) өттү. Андан кийинкиде сегиз мандат менен КЭДП турган. "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл" партиялары да утуп чыккандардын катарында. Эми мандат кайра бөлүштүрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0