Баткенге өзгөчө макам берүү: кандай артыкчылык каралган

© Sputnik / Акылбек БатырбековБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарт түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. 2021-жылдын 2-апрелинде коомдук талкууга коюлган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзамга коомчулуктун пикирин эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилип, кечээ, 3-майда, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирип, документте кандай маселелер каралганын тизмектеп берди.
Эске салсак, мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам иштелип чыккан. 2021-жылдын 2-апрелинде өкмөттүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.
"Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен документ толукталып иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна кезексиз киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Долбоордо төмөнкүлөрдү каралат:
  • Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктарын күчтөндүрүү. Анын ичинде өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу, бөлүштүрүү укугу. Ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин, укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн биргеликте иштөөсүн  координациялоо.
  • Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:
  • өнүктүрүү программасын мониторинг кылып, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңеш түзүү;
  • жеңилдетилген каржылоо механизми;
  • облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;
  • өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимди киргизүү;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;
  • Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;
  • 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

Баткен чек арасындагы кандуу кагылыш

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.
Лейлек районундагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын Максат айылы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
ИИМ: Баткенде абал тынч, милиция күнү-түнү күзөттө
33 миңден ашык адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлктөрү күйүп жок болду.
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
4-майдын түнү Башкы прокуратура Тажикстан Кыргызстанга кара ниеттик менен кол салып, аскердик агрессия жасады деген расмий билдирүү таратты. Кол салуу мурдатан пландаштырылгандыгын ага аскерлерден сырткары жалданган куралдуу адамдар менен бандиттик түзүмдөрү катышкандыгын билдирди. Бул боюнча Башкы прокуратура 2021-жылдын 29-апрелинде кылмыш ишин козгоду.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0