Жогорку сот президенттин кеңешчиси Равшан Сабировдун өкүмүн жокко чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин кеңешчиси Равшан Сабиров. Архив
Президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Сабиров 2012-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп турганда коррупцияга шектелип кармалып, беш жылга эркинен ажыратылган, бирок мунапыс боюнча бошотулган.
БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Жогорку сот президенттин кеңешчиси Равшан Сабировдун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Сабировдун жактоочусу прокурорлордун корутундусу боюнча жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү арызын жазып, ал канааттандырылган. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата 2013-жылы чыккан сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, кайра кароого жиберди.
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Мэриянын үйлөрүн сатып жиберген кызматкер 16 жылга кесилди
2012-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп турган Равшан Сабиров коррупцияга шектелип кармалып, кызматынан четтетилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, министрлик он жеке фирмага бала асырап алуу менен алектенүүгө уруксат берген. Аткаминер беш жылга эркинен ажыратылып, 2014-жылы мунапыс боюнча бошотулган.
Былтыр октябрь окуяларынан кийин Сабиров вице-премьер болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0