Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 10 судьяны дайындады. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Жазылуу
Президентке 13 талапкер сунушталган. Алардын 10у судьялык кызматка бекитилди. Ал эми үч талапкер боюнча материал кеңешке кайтарылды.
Бишкек, 3-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 10 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президенттин дарегине Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым райондук сотторуна судьяларды дайындоо үчүн 13 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.
"Садыр Жапаров судьялык кызматка 10 талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми үч талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.
Чаткал райондук соту:
  • Шарипбай уулу Керимбек.
Чүй облустук соту:
  • Койлубаев Алмаз Абдракунович;
  • Умуркулов Таалайбек Асканович.
Бишкек шаардык соту:
  • Аккозуев Талант Ниязакунович;
  • Есекеев Керезбек Суеркулович;
  • Илиязова Назгүл Асанбековна;
  • Кожомбердиев Нурлан Кожомбердиевич;
  • Момуналиев Адис Жолдошбекович;
  • Чериков Нурлан Кийикбаевич;
  • Эсеналиев Нурбек Канатбекович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0