Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы. Видео

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон төрт протокол кабыл алынгандыгын айтты.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы абал боюнча өкмөт аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Алар Баткенде журналисттерге билдирүү жасашты.
Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Чек ара райондорундагы трагедия эч качан кайталанбашы керек деген пикирин айтты.
"Бүгүн жемиштүү сүйлөшүү болду. Чек ара райондорундагы трагедия эч качан кайталанбашы керек. Себеби эки өлкөнүн эли бул тилкеде жашайт жана өтө ынтымактуу. Биз, саясатчылар, элибиздин тынчтыкта жашашына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Кыргыз-тажик жерлерине тынчтык орнотуу боюнча макулдашуу болду. Өз ара түшүнүү жана тынчтык болот деп ишенем", — деди Ятимов.
Кыргызстандын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн 4-пунктудан турган протокол кабыл алынганын айтты.
Лейлек району. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
УКМКнын чек арадагы абал боюнча саат 18:00гө карата маалыматы
"Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн 4-пунктудан турган протокол кабыл алдык. Элибиз башынан кыйын күндү кечирип жатат. Эки өлкө үчүн тең трагедия болду. Бардык атышууларды толук токтотуп, аскердик күчтөрдү туруктуу ордуна жайгаштыруу боюнча чечим кабыл алдык. Бүгүнкү күндөн тарта өлкөдө, өзгөчө чек арага жакын аймактарда тынчтык жана бейкуттук орнойт", — деди Ташиев.
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Атышуудан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 173 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0