Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери сүйлөшө баштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Тажистандын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Тажистандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Жазылуу
Жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Кыргызстандын Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектейт.
Аскердик техника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
УКМК: Тажикстан макулдашууну бузуп, чек арага аскер күчүн тартууда
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтини жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулайт.
Белгилей кетсек, бул жолугушууну өткөрүү тууралуу макулдашууга эки өлкө башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0